"Манас" аба майданынан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Бүгүн, 22-январда "Манас" аба майданынын көзөмөл-өткөрмө пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген жаран кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракеттенген Н.А. кыргыз өлкөсүнүн 1995-жылы туулган жараны. Ал бүгүн Москва - Бишкек аба каттамы менен учуп келип, көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтүү учурунда башка жаранга таандык паспортту көргөзгөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Россияда башка паспорт жүрүп көнүп калып.