super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ноокат районундагы Исанов айылында жол тосуу болгон жок

 

Ноокат районундагы Насирдин Исанов айылында жол тосуу болгон жок. Бул тууралуу КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматкери Жумамидин Сулайманкулов SUPER.KG порталына билдирди.

"Насирдин Исанов айылында жол тосуу болгон эмес. Аталган айылдын тургундары 17-январда райондук бийликке кат жолдошкон. Катта "Биздин жолдордогу көпүрө 40-50 тоннага чейинки гана унаалардын өтүү талабына жооп берет. Кичи-Алайдан ташылып жаткан көмүрлөрдүн салмагы 70-80 тоннага барабар, биздин жолдор бузулуп жатат" дешкен.
Район акими 18-январда Транспорт агенттигинен мыйзамдарды топтоп, тургундарга жана айыл өкмөтүнө 5 тоннадан ашык жүк жүктөгөн унаалардын жүрүшү мүмкүн эместигин билдирип жооп кайтарган. Бүгүн айыл өкмөтү жана анын кызматкери айылдык милиция инспектору менен биргеликте 5 тоннадан ашык жүк ташыган унааларды токтотуп, айдоочуларга акыркы эскертүү берип жөнөтүшкөн. Азыр айылда абал тынч",
- дейт Жумамидин Сулайманкулов.

Эске салсак, бүгүн окурман WhatsApp аркылуу Насирдин Исанов айылында тургундар жол тосушканын билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.01.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Папандыктарды жадатты эле эми кезек Кок-Белдиктердеби.Суротто жол тосулуп эле туратко.Кичик Алайдын жолун тоолорун кочуруп богоп эле салбаса тынчылык беришбейт окшойт.
23.01.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичик Алай деп жазылбаса керек ?
Тынчылык-тынчтык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: