super.kg logo
  Саясат  

Мындан ары жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жаңы технологиялар колдонулат

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-январда "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 20-январында кабыл алган мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган. 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо колдонулган биометриялык маалыматтардын, шайлоочулардын электрондук тизмелеринин жана добуштарды автоматтык түрдө санаган үкөктөрдүн негизинде инновациялык технологиялар эми жергиликтүү шайлоолордо пайдаланылат.

"Аталган мыйзам президенттин 2015-жылдын 11-декабрындагы жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын шайлоо системин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Жумушчу топко Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин жана өкмөттүн аппараттарынын, БШКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Юстиция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Башкы прокуратуранын, жергиликтүү кеңештердин, акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет",- деп билдиришти президенттик аппараттан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: