super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин делегациясынын Сауд Арабия Падышалыгына болгон расмий сапары жыйынтыкталды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегациянын Сауд Арабия Падышалыгына болгон расмий сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы 22-январда билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдельазиз аль-Сауд баштаган өлкө жетекчилиги менен жолугушту. Сауд Арабиянын Мажилис Аш-Шурасынын (парламентинин) төрагасы, доктор Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим аль-Аш-шейх, Сауд Арабия Падышалыгынын ханзаадасы, Министрлер кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары жана коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз аль-Сауд, Сауд Арабия Падышалыгынын Каржы министри, доктор Ибрагим Абдельазиз аль-Ассаф менен эки өлкөнүн жана эки парламенттин ортосундагы байланышты чыңдоо жаатында жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси Ахмад Мохаммед Али аль-Мадани жана Ислам кызматташуу уюмунун башкы катчысы Ияд Амиин Мадани менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Парламенттик делегация Эр-Рияд менен Медина шаарларында билим алып жүргөн жаштар менен да жолугушуп, алардын абалынан кабар алышты.

Соңунда парламенттик делегациянын мүчөлөрү Мекке шаарында зыярат кылып, кичи ажылыкты (умра) аткарышты.

Делегациянын курамын спикер Асылбек Жээнбеков, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Канатбек Исаев, Төрөбай Зулпукаров, Мыктыбек Абдылдаев, Сайдулла Нышанов жана башкалар түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: