super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков баштаган ЖКнын делегациясы Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт

 

19-20-мартта төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Нарын облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Делегациянын курамында депутаттар Өмүрбек Текебаев, Чыныбай Турсунбеков, Майрамкүл Тиленчиева, Алмазбек Баатырбеков, Абдыманап Кутушев, Эсенгул Исаков бар. Иш сапардын алкагында Ак-Талаа районундагы социалдык мекемелердин, Баетов айылындагы жер астындагы суулардан жабыркаган турак жайлардын, Э.Карасартов атындагы мектептин абалы менен таанышуу болот. Мындан сырткары депутаттар Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы С.Мырзакматов атындагы мектептин абалы менен да таанышат. Делегациянын иш сапары Нарын шаарындагы Жаштар үйүндө коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууда аяктамакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: