Шериктештик Кубогу-2016: Бүгүн кыргыз футболчулары Эстония менен коло медаль талашат

Бүгүн, 23-январда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинде байге ээлери аныкталат. Эки тайпада акыркы орундарды ээлеген командалар мелдеште өз ара 7-орунду талашат. Тайпада 3-орунду ээлеген командалар мелдеште 5-орун үчүн оюн өткөрүшөт. Ал эми тайпада 2-орунду ээлеген командалар коло медаль (3-орун) үчүн кез келсе, тайпаларда 1-орунду ээлеген командалар финалда жолугушат.
Кыргыз футболчулары "А" тайпасында 2-орунду ээлешкен.
Бүгүн орун алчу беттештердин тизмеси (Бишкек сааты боюнча көрсөтүлдү):
14:00. 7-орун үчүн беттеш
Казакстан – Тажикстан
16:15. 5-орун үчүн беттеш
Беларусь - Латвия
19:30. 3-орун үчүн беттеш
Кыргыз Республикасы – Эстония
22:00. 1-орун үчүн беттеш
Молдова – Орусия
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жеңгиле Кудай буйруса !
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Курамы окшош сайттардаы жарнама кылууга тыюу салынат.