super.kg logo

Балыкчыда "Кумтөрдө" иштеген канадалык жаранды бычак менен коркутуп тоноп кеткен 15 жаштагы үч өспүрүм кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "Кумтөрдө" иштеген канадалык жаранды бычак менен коркутуп тоноп кеткен 15 жаштагы үч өспүрүм колго түшкөнүн ИИМдин маалымат кызматы 23-январда билдирди.

Маалым болгондой, 22-январда болжол менен саат 08:00де Балыкчы шаарында жайгашкан "Кумтөр" ишканасына тийиштүү "Балыкчы ашыруу базасы" мекемесинде иштеген, аталган шаарда убактылуу батирде турган Канада мамлекетинин жараны Ж.Д. милиция кызматына телефон аркылуу байланышып, үйүнө белгисиз адамдар терезе аркылуу кирип тоноп кетишкенин билдирген.

Жогорудагы маалымат боюнча окуя болгон жерге Балыкчы шаардык милициясынын жетекчилери жана тергөө-ыкчам тобу чыгып, төмөндөгүлөр аныкталган:

22-январда саат 03:00 чамасында үйдүн сырткы темир торчосун белгисиз бирөө талкалап, дубал аркылуу качып бараткан сөлөкөтүн көрүп, өзү иштеген ишкананын коопсуздук кызматкерлерине билдирип, алар менен үйдү чогуу карап чыгышкан. Бирок милицияга кайрылган эмес.

Ошол эле күнү саат 07:00 чамасында 17-25 жаштардагы балдар беттерин моюн орогуч менен байлап кирип, ашкана бычагын такап, акча талап кылышкан. Ал балдардан коркконунан 3500 сом акчаны бергенде, алар окуя болгон жерден качып кетишкен.

Арыз ээси өзү жашаган батирден баасы 600 доллар турган планшетин жана "Самсунг" үлгүсүндөгү телефонун алып кетишкенин арызында көрсөткөн. Болжол менен 54 000 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген.

Окуя болгон жерден 2 даана ашкана бычагы, 1-кабаттагы түндүк тарапта жайгашкан сынык пластик терезенин түбүнөн 3500 сом акча каражаты жана терезеден алынган 5 даана белгисиз адамдардын колдорунун манжасынын издери бар дактокарта алынган.

Окуя болгон жерден тиешелүү материал топтолуп, каракчылык фактысы менен Балыкчы ШИИБинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 15 жаштагы Д.Е., М.Д. жана Т.Ж. аттуу шаар тургундары кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө амалдары башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
23.01.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энеси куноолу.
23.01.2016. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
15 жаштагы дейби, ниче се!, мен 15 жашта мультик коруп жатчым))
23.01.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
15 жашта мен туну кочого чыгыштан коркот элем))
23.01.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Көлбаев, Рысбек чыккан жер
23.01.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Mars55, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-25 15:22:02
24.01.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-25 15:22:12
25.01.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s5kgbal, Rifle_2 - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
23.01.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шумдукг , пречатки кийгенди унтупкалганбыя
23.01.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MuslimNur95,араң алган 3500 сомун да түшүрүп алганын кара.
23.01.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
15 жашта мен кыздар менен кат жазышат элем. Эх ошол күндөр, ышкырып коюп эшигинде күтүп отурат элем. Сотка деген болсо кана :)
Тема боюнча, соткага симка салып сүйлөшө калды да мактанып. Же планшетин интернетке улап жыргады да. Мээ дегенден нет окшойт да.
23.01.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш Балдардын курч,эч нерседен коркпогон учуру.окунучтуусу кылмыш кылгандыгы.
23.01.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйшосуз мыйзам чегинде жазасын алсын.
23.01.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чычымдар. Мен 15имде эшике чыгалбайт элем
23.01.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул жигитер акчага муктаж болгон окшойтда
24.01.2016. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайтар дуня деп коет оздорунда ата энесин ошентип бир кун тоноп кетет ошондо оздору тооба кылып калышатко
24.01.2016. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Он беш жашымда мен акча менен ишим жок кыйкырып чуко ойноп журор элем. Кайран кундор ошол кайрылса кана. Туура мамиле кылып туздоп кетишсе жакшы, ого бетер бузуп албай.Бул курак бир нерсеге бат ооп кетчу курак эмеспи.Ыйман берсин жаштарга.
24.01.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарыбызга Ыйман берсин Аллахым!!
24.01.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаганат жаш курак кеткен экен да бир сонун сезимдерин бизге калтырып. Азыркы жаштардын мандай жылытаарлык деле эскерчу нерсеси болбой калат окшойт. Атам айтып калат эле азыркылар кечээ мынча ботолко арак ичиптирбиз анан мынттик деп жамандыгын мактанып калышат кыйраткансып деп булар да кийин ушул иштерин мактанып айтып эскерип журушот да же балким ошол мезгилде бул сыяктуу нерселер конумуш болуп калат бекен. Жада калса жаштар кыргызча туура жаза албай калышыптыр аттин ай аттин ай ... жаштык ай.
24.01.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakikj,Жаш бала коргонун кылат да ошонун баары телевизордон коргон да анан боло берет экен деп чыга келишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: