Шериктештик Кубогу-2016: Машыктыруучу Мирлан Эшенов команданы таштап, кыргыз жерине кайтып келди

Бүгүн, 23-январда футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталат. Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө кыргыз футболчулары Эстонияга каршы беттеш өткөрүшөт. Беттеште жеңип чыккан команда коло медаль тагынмакчы.
Чечүүчү беттеш алдында кураманын машыктыруучусу Мирлан Эшенов команданы таштап, кыргыз жерине кайтты. Ишенимдүү булактарыбыз кабарлагандай, анын оюнга чейин кайтканы үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу. КРнын Футбол федерациясы бул окуя боюнча расмий маалымат тарата элек.
Кошумчалай кетсек, "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн 8 команда катышууда. Финалда Орусия курамасы менен Молдова курамалары беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

1 - 0
(0 - 0)
Латвия U21
(0 - 0)
19:30 Серия
пенальти
Киргизия U21
0 - 0
Эстония U21
(0 - 0)
22:00
Молдова U21
-
Россия U21
ТаблицаНИДЕР
0 - 1
(0 - 0)
Эстония U21
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
, бирок пенальтиден болбой калды...азаматтар!!!