super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Баткенде "Тамашоу" Лигасынын өкүлчүлүгү ачылды

 
10-ноябрь күнү "Тамашоу" долбоорунун Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү ачылды. Бул кечени Баткен облусунан чыккан “КГБ” командасы уюштуруп, аталган долбоордун президенти Эрмек Нурбаев ачып берди. Салтанатта облустун район, шаарларынан келген 13 команда элге күлкү тартуулашты. Калыстар тобунун катарында “Супер-Инфо” гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн координатору Гүлназ Айжигитова да болду. Кара кылды как жарган калыстар тобу командалардын таланттарын баалап, 3 наам боюнча чечим чыгарды. Жыйынтыгында “Мыкты команда” деп Кызыл-Кыя шаарынан келген “Кызыл-Кыя” командасы табылды. Ал эми “Мыкты оюнчу” наамын Кызыл-Кыя шаарынан келген “Караван” командасынан Гүлжигит жана “Ыймандуу дарбадарлар” командасынан Азат аттуу оюнчусу жеңип алышты. Ал эми ”Эң мыкты тамаша” номинациясында Кызыл-Кыя шаарынын “lets go” командасы жана Кадамжайдан келген “Джентльмендер” командасы сыйланышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: