super.kg logo

Түркияда өткөн бизнес-форумда 3 келишимге кол коюлду

 

Ушул жылдын 22-январында Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде кыргыз өлкөсүнөн 100дөн ашык ишкерлер, өкмөттүн өкүлдөрү жана 150дөй түрк ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форум эки күнгө уланып, анда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жана кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Түркиянын бажы жана соода министри Бюлент Тюфекчи Түркия Кыргыз Республикасы менен соода жана экономика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. "Эгер кыргыз тарап инвесторлор үчүн керектүү шарттарды түзүп берсе, биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз",- дейт Бюлент Тюфекчи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев кыргыз жергеси инвесторлор үчүн бейиш экенин айтты. "Баарыңарды кыргыз өлкөсүнө чакырам. Бизге инвестор болуу үчүн учакка гана билет алышыңар керек. Калган шарттарды кыргыз өкмөтү түзүп берет",- деди Арзыбек Кожошев.

Ал эми түркиялык ишкерлер айыл чарба, IT-технология, курулуш тармагын инвестициялоого даяр экенин билдиришти. Бизнес-форумда кызматташуу боюнча 3 келишимге кол коюлду. Келишим соода-экономика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, кичи жана орто бизнестерди колдоо, ошондой эле кыргыз өлкөсүндө түрк үлгүсүндөгү өнөр жай аймактарын ачуу маселелерин камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: