Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 35 жаштагы шаар тургуну кармалды

Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 35 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар борбордогу автобазалардын биринен МАЗ үлгүсүндөгү унаанын 15 радиаторун уурдап кетишкенин айткан. Келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 150 миң сомду түзгөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 35 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.