super.kg logo
  Спорт  

Шериктештик Кубогу-2016: Орусиянын футболчулары алтын медаль тагынышты, кыргыз футболчулары коло медалдан кол жууп калышты

 

23-январь түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши жыйынтыкталды. Бул күнү мелдештин жеңүүчүсү, 3-орун ээси жана башка орундардын ээлери аныкталды. Анда жалпысынан 4 беттеш орун алды.

Мелдешке 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн 8 курама команда катышкан. Жобого ылайык, алар төрт-төрттөн эки тайпага бөлүнүп, өз ара ойноп чыгышкан. Жыйынтыгында упайлардын саны боюнча тайпадан 1-орунду алган командалар финалдык оюнда, 2-орунду алган командалар коло медаль үчүн беттеште кез келишти. Ошондой эле тайпалардан акыркы орундарды ээлеген командалар мелдеште 7-орун үчүн, тайпада 3-орунду алган командалар 5-орун үчүн оюн өткөрүштү.

Жыйынтыгында 7-орун үчүн беттеште Казакстан менен Тажикстандын футболчулары кез келишти. Анда беттеш казак футболчуларынын пайдасына 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

*

5-орун үчүн беттеште Беларусь жана Латвия курамалары кез келишти. Оюн курч мүнөздө өтүп, атаандаштар түрдүү чабуулдарды уюштурушканы менен, гол жарата алышкан жок. Жыйынтыгында жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Анда Беларусь футболчулары таамай болуп чыгып, 5:4 эсебинде жеңишке жетишишти.

*

3-орун үчүн болгон беттеште кыргыз футболчулары Эстонияга каршы турушту. Оюнга команданы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун ордуна Игорь Кудренко жетектеп чыкты. Оюнда кыргыз футболчулары мыкты чабуулдарды уюштуруп, бирок мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышкан жок. Жыйынтыгында пенальтилер сериясы орун алды. 11 метрлик сокку узатууда кыргыз футболчулары чабалдыгын көрсөтүп, 4:1 эсебинде утулуп калышты. Жыйынтыгында кыргыз футболчулары аталган мелдеште биринчи жолу медаль тагынуу мүмкүнчүлүгүн колдоно алышкан жок.

*

Мелдешке Украина, Түштүк Африка Республикасы сыяктуу күчтүү курамалар катышпай калган, быйылкы мелдеште орусиялык футболчулар чемпиондукка талапкер катары саналган. Болжонгондой эле орус футболчулары өз тайпасында жеңип чыгып, финалга чыгышты. Финалда аларга Молдованын футболчулары турушту. Анда 4:2 эсеби катталып, Орусия жаштар курамасы жеңишке жетишти.

*

Ошентип, орусиялык футболчулар 2 жылдык тыныгуудан кийин аталган мелдеште кайрадан чемпион болушту.

*






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.01.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар ким билет бул ойун жыл сайын уланабы
25.01.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ArgenMers, мелдеш 1993-жылдан тарта жыл сайын уюшулуп келет. Жыл сайын командалардын саны азайып жатканына байланыштуу мелдештин форматы өзгөрүшү мүмкүн.
25.01.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда болгондо биз утат элек.Местныйлык кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: