super.kg logo

Руслан Түмөнбаев өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин айтып, расмий билдирүү жасады

 

Өткөн жумада "мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелип кармалган Руслан Түмөнбаев өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотулган. Бүгүн, 25-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги спортчунун расмий билдирүүсүн таратты.

"Коомчулукта менин МАИ кызматкерлери тарабынан кармалышым кызуу талкууларды жаратты. Айта кетчү нерсе, бул окуя тууралуу жазылган нерселер чындыкка дал келбейт. Жагымсыз окуя мен башкарып бараткан унааны МАИ кызматкерлери тарабынан токтотуу учурунан башталды. Кызматкер тиешелүү документтерди текшергенден кийин бир нече жолу менин аброюма атайылап шек келтирип баштады, мындай нерсеге жол берилбеши керек. Ар бир эркек өзүнүн сөзүнө жооп берүүгө тийиш. Мен кызматкерлерге карата эч кандай күч колдонгон эмесмин. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, мен алкоголдук ичимдиктерди ичпейм. "МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деген маалымат да чындыкка дал келбейт. Мен спортчу катары олимпиадалык принциптерди карманып, алган билимимди жана болгон күчүмдү спортто гана колдоном",- дейт Р.Түмөнбаев.

Эске салсак, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн Р.Түмөнбаев токтотулган. Тиешелүү документтери жок болгондуктан, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан. Республикалык наркологиялык борбордон ал мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөн жана ага тиешелүү документтер да жок болуп чыккан.

Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(23)
25.01.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тез тез такталып кимиси болсо да жазасын алсын.
25.01.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жазасын барибир бул балага илет. Себеби бул бала Бакиев учурунда коло алгандыгында.
25.01.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lintel,Бакиевдин кандай тиешеси бар бул окуяга?
25.01.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин ком неге чыкпайт
25.01.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meky85, саламатсызбы!
Бул комментарийиңиз кандай чыкса башкалар да ошондой эле чыгышы керек болчу.
25.01.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Туменбаевдики туура деп ойлойм. себеди Туменбаевдин ээлеген кызматы маанилүү болгондуктан ушундай шайтан оюндарды уюштурушууда. Бул окуя болгонго чейин Туменбаевдин башчысы (У.Майназаровду) кызматынан алышкан болчу. Ал эми Р.Туменбаев анын орун басары болуп келген.
25.01.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Русланды "кээ бир адамдар" подстава кылгандыгы корунуп эле турат.
25.01.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Койгулачы э. Спортсменден баштап саясатчына чейин бет тырмачылык кылып уйронуп алыпсынар. Айыбынды мойнуна алуу бул эркектик. Эмне болсо эле МАИ кызматкери куноолуу. Алар эмне кыларга иши жок дейсинби сени менен суйрошкудой.
26.01.2016. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bahbrat,Азаматсың. Оюңа менда кошулам.
25.01.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Руслан болсо эле тартип бужуу мумкун бекен?Руслан мас абалда экендиги анык корунуп эле турбайбы.
25.01.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге ошол убагында озунун ак экенин, ичпей соо экенин, пистолети жок экенин далилдебеди. Эми канча кундон кийин актанымыш болот. Буга мамлекет тарабынан эмне деген акча жумшалды.Бул мас болуп дердендеп журот тоону томкоргонсуп.Коммент жазгандар ойлонуп жазсанар ой тоону тантыбай.Бакиевке жабыштырып, кызматы керек деп. МАИге кыларга жумуш жок бекен.
25.01.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
behappy74,100% кошулам.Жон журбогон неме экен озу.
26.01.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
behappy74, kamaktan ke4ee 4yksa ke4ee aitat da. je kamakta oturup atmak bele...
25.01.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бироого местан керек болуп калса керек да
25.01.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маста куноолу. Акча бар кооп кеткен бул бала.
25.01.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ушундай эле болуш керек эле деп ойлодум эле да Тумонбаевдин айтканы чындыка окшошуп жатат мындайга жол бербейт эле дейм да
25.01.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эркек эмес экен. Баарыле ачык корунуп турбайбы. Жалаа болгондо ошондоле кыйкырып чыкмак бул бала.
25.01.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооба, кобунчо атактуулар куноону кылып , актанып калышат.Тескерисинче кечирим сурап коюшса.Мындай учурлар конумуш адатка айланып баратат.
25.01.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конумуш адат да актангандык.к.сагынбаевдин деле жоругун билебиз.жалгыз эле тумонбаев бекен.
25.01.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Руслан Тумонбаев ушинтип чемпион болбой эле койчу. Утятта мен чемпионмун деп эле мамлекетти сыйлабай ушуну кылганын. Жакшы болуш аста аста жаман болуш бир паста дегендей бир бир заматта авторитетиниз тушуп калды. Бизге мурунку Руслан Тумонбаевдей эле кала берсениз жакшы болмок
25.01.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичпейм, деп актанып коюптурго. 2008-жылы, чемпион болуп келгенинден кийин, белеке алган джип унаан менен авария болбодун беле. Ошондо да ММК ларда 10 кундой шоу болгонсун, "Майрамдап журуп, мас абалында авария болду" деп айтпаган газета, радио, телелер калган эмес эле. Негизи мындай спортсмендер текебер болушат. Туура эле кылышты МАИ чилер, себеби мыйзам баарына бирдей...
25.01.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал ичпесе врачтар Бекер эле чыгарбайтта.
26.01.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makain, vra4targa koburook ak4a berse ozdorun da satyp jiberet....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: