super.kg logo

Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды

 

Бүгүн, 25-январда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 85 жылдыгына арналган “Тарыхта калган талант” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти. Маалым болгондой, көргөзмө “Кыргыз адабиятынын зергери”, “Замандаштарынын эскерүүлөрү” деген 2 бөлүктөн турат.

Айта кетсек, Төлөгөн Касымбековдун “Кичинекей жылкычы” деген чыгармасы 1952-жылы “Советтик Кыргызстан” журналына басылган. “Адам болгум келет” повести 1965-жылы “Советский писатель” басмасынан орус тилинде чыккан. “Сынган кылыч” тарыхый романы орус тилине которулуп, Советтер Союзунун бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы “Прогресс” басмасы бул романды англис тилинде чыгарган.

Т.Касымбеков 1959-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1986-жылы “Кыргыз Эл жазуучусу” деген наам алган. 1990-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын депутаты болгон. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1998-жылы “Руханият” Эл аралык ассосациясынын сыйлыгы берилген. 2005-жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси, 1947-жылы Даңк медалы, 2001-жылы 1-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы “Кыргыз Эл Баатыры” наамы, “Ак шумкар” сыйлыгы ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: