super.kg logo

Базар-Коргон районунда тигүү курсуна катышкан айымдарга 100 килограмм ун, 10 литр өсүмдүк майы таратылууда

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда тигүү курсуна катышкан айымдарга 100 килограмм ун, 10 литр өсүмдүк майы таратылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган райондун Акман айыл округунда 70 аял тигүү курсуна катышууда. Алар “Эмгек кылсаң, азык-түлүк ал” аттуу долбоордун алкагында окутулуп, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен жолугушушту.

Былтыр аталган долбоордун алкагында 1300 адам атайын окуудан өтүп, кесипке ээ болду. Тигүү курстарынан тышкары ширетүүчү, чачтарач, электрик, кондитер, балык багуу жана эмерек жасоо боюнча окутуу жүргүзүлгөн. Мындай коомдук иштерге 90 миң адам тартылган. Алар жамааттарга биригип жол курушту, көпүрөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү”,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы екен биздин жердештерго чем юрист же экономист болгондон ушу жакшыго дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: