super.kg logo

Бир сутканын ичинде 112 номерине 5687 чалуу түшсө, анын ичинен 159 жалган чалуу болгон

 

Бир сутканын ичинде 112 номерине 5687 чалуу түшсө, анын ичинен 159 жалган чалуу болгон. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматына күн сайын жарандардан келген кайрылуулардын саны өсүүдө. 24-25-январда 5687 чалуу келип түшкөн. Алардын ичинен тастыкталганы 15, адашып же жалган чалуулар (жаш балдардын ойноп чалуусу) 156 болгон. Алардын кээ бирлерин сиздерге сунуш кылабыз.

Саат 14:23тө Келечек конушунун тургуну Ралия Бишкек шаарынын "112" кызматына чалып, 10-көчөсү боюнча электр жарыгы жоктугун билдирди. “112” кызматы аркылуу тез арада тиешелүү кызматтарга өз убагында кабарланды.

Саат 18:47де Сокулук районунун Селекционное айылынын тургуну Бактыгүл "112" кызматына чалып, күйөөсү мас абалда келип аны балдары менен сабап, үйүнөн кууп чыкканын билдирди. “112” кызматы аркылуу тез арада Сокулук районунун “102” кызматына кабарланган, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Түнкү саат 00:07де Ысык-Ата районунун Назим аттуу тургуну “112” кызматына телефон чалып, апасы мас абалында көп сандагы дары ичип алып ууланып калганын айтып кайрылган. Ыкчам түрдө Ысык-Ата райондук "Тез жардам" бөлүмүнө маалымат берилди.

Саат 11:04тө Ош шаарынын Кулматова көчөсүнүн жашоочусу Раисанын денесинин бир жагы иштебей калганын жолдошу Марсель кабарлаган. “112” кызматы аркылуу ыкчам түрдө Ош шаардык “103” кызматына билдирилди, өз убагында жардам көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.01.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге ушинтип жон эле чала беришет.Кылаарга жумуштары же ойной турган оюндары жокпу? Кайра жооп берип калам деп ойлошпойбу? Тан каласын...
25.01.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аймактардан айылдарданда чалса жардам бере алышабы же шаарга элеби
25.01.2016. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
112 кандай кызмат?
25.01.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
103 102 112 НЛМЕРЛЕРИНЕ чалып ойногондон коро керектуу иш кылсаныздар деп суранып кетет элем себеби сиздер ойной берип уже 103 102 лер кобунчо келбей койуп жатышат алдап жатышат деп ошондуктан болочоктуу ойлосонуздар от мн ойнобогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: