super.kg logo

Бишкекте 66 жаштагы энесин башка чаап өлтүрүүгө шектелип 44 жаштагы баласы кармалды

 

Бишкек шаарында 66 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип 44 жаштагы уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин РИИБине 18-январь күнү Бах көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери денесинде көптөгөн жаракаттары бар 60-65 жаштардагы аялдын денесин табышкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркум 66 жаштагы Д.Нарынбүбү экени аныкталган. Тиешелүү экспертизадан ал аял башына алган катуу жаракаттан улам көз жумганы аныкталган. Бул факт боюнча "киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече күндөн кийин кылмышка шектүү катары маркумдун 44 жаштагы А.Дамир аттуу баласы кармалган. Сурак учурунда ал энеси экөөнүн мамилеси анча жакшы болбогонун айтып, окуя болгон күнү ал энесиникине келип, экөө акчанын айынан урушуп кетишкенин билдирген. Ачууланган уулу хрусталь идиш менен энесинин башына бир нече жолу чапканын айткан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.01.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кылганы жакшы эмес бейиш эненин таманында куноосун эми тартат
25.01.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул адамды атып жок кылыш керек ахмак
25.01.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энесин олтурсо бул киши эки дуйнодо суроо жооп берет азап тартып
25.01.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ааа келесоо мээси жок десе турганын кара кыйратып салгансып
25.01.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыйман берсин кыргызыма
26.01.2016. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыркына чыдап кырк бирине да чыдап койбоптурда эми каарыганда.
26.01.2016. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң жакын болгон Бейишти, өзүбүз алыстатып алабыз да мындай кылып. Малдан да айырмабыз калбай калды, Кыяматтын бир белгилери...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: