Ошто "баласын 15 миң сомго сатып жиберген" деп 27 жаштагы келин кармалды
Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ички иштер министрлигине Ош облусунда бала сатуу фактысы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
Б.Сейитовдун айтымында, 2015-жылдын декабрь айында 1989-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну А.Ш. жаңы төрөлгөн баласына туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүк жасап, С.Ш. аттуу Орусиянын жаранына 15 миң сомго сатып жиберген.
Аталган жарандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Тойдун алдында:
Жигит: Ураа! Акыры ушул мен күткөн күн да келди!
Кыз: Эмне, менин кетип каалайсынбы?
Жигит: Жок, бул нерсе сенин оюна да келбесин!
Кыз: Сен мени сүйөсүнбү?
Жигит: Албетте!
Кыз: Сен менин көзүмө чөп салгансынбы?
Жигит: Жок ай! Кантип сага ушул ой келди?
Кыз: Мени өпкүң келеби?
Жигит: Ооба.
Кыз: Мени урасыңбы?
Жигит: Эч качан!
Кыз: Сага ишенсем болобу?
Алты айдан кийинки абалды көрүш үчүн,
ушул эле маекти ылдыйдан жогору карай окуңуз.