super.kg logo

"Газпром" компаниясы кыргыз өлкөсүн көгүлтүр от менен камсыздоосун үзгүлтүккө учуратпайт

 

Орусиянын “Газпром” компаниясы кыргыз өлкөсүн көгүлтүр от менен камсыздоосун үзгүлтүккө учуратпайт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык жоболор ирети менен жүзөгө ашууда. Компания “Кыргыз газдын” Казакстан Республикасына, эл аралык уюмдарга жана мамлекетке болгон карыздарынын баарынан кутулгандыгын билдирген.

Эске салсак, 2014-жылы “Газпром” “Кыргыз газды” карыздары менен бирге шарттуу түрдө 1 долларга сатып алган. Эки тараптык келишим түзүлгөндөн кийин компания Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо боюнча башкы планын бекитип, өлкөнү газ менен камсыздоосун үч эсе көбөйтөрүн айткан. Планда көрсөтүлгөндөй, 2030-жылга чейин кыргыз жергесинин 60 пайызы көгүлтүр от менен камсыздалмак.

Мындан сырткары “Газпром-балдарга” социалдык программасынын алкагында республика боюнча 16 ден соолукту чыңдоочу комплекси курулуп жатат. Талас жана Кара-Суу шаарларындагы комплекстер колдонууга берилди. Буга чейин кыргыз өкмөтү “Газпромдун” өлкөнү газдаштыруу боюнча инвестициялык программасы ишке ашпай калышы мүмкүн экенин эскертип, муну жаңы конуштар даяр газга караганда электр энергиясын көп пайдаланып жатканы менен түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: