Эртең Кыргыз улуттук филармониясында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын жыйыны өтөт
Эртең, 27-январда Кыргыз улуттук филармониясында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин 2015-жылы аткарган жумушу боюнча маалымат берилет жана 2016-жылга болгон пландар талкууланат. Иш-чарада вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, министрликтин департаменттери, окуу жайлардын жетекчилери катышмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.