Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 16:45 чамасында болгон. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четине чыгып кетип, унаа аңтарылып калган. Натыйжада унаанын 36, 26 жана 8 жаштагы жүргүнчүлөрү ар түрдүү жаракаттарды алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилишкен. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.