Бишкекте уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды
Борбор калаада уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылы 3-июнда саат 22:55 чамасында белгисиз адамдар Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан медициналык борборго кирип, 90 миң сом акча каражатын алып чыгып кетишкен. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 26 жаштагы Б.Искендер менен буга чейин соттолгон 21 жаштагы Ч.Адияр кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө колго түшүрүлгөндөр мурда жасалган каракчылыктары жөнүндө да айтып, эки спорттук велосипедди кайтарып беришкен. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.