super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова президенттин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алды

 

"Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова бүгүн, 26-январда президент Алмазбек Атамбаевдин колунан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алды. Мамлекет башчы бир катар ММК өкүлдөрүнө кол сааттарды да тапшырды.

Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасында акыркы мезгилде коомчулук массалык маалымат каражаттары аркылуу, айрыкча мамлекеттик органдар тарабынан маанилүү чечимдердин кабыл алынышына реалдуу таасир этип жатканын жакшы көрүнүш катары баалады. Өлкө жетекчиси мамлекетте журналисттик ишмердүүлүктүн ролу жана жоопкерчилиги жогорулаганын белгиледи.

Журналисттерди алган сыйлыктары менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, 2015-жылдын соңунда президент Улуттук экономиканы чыңдоо жылында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эрдиктери үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө буйрук чыгарган.


кошулду





"Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова КРнын Ардак грамотасын алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: