super.kg logo

Жаза аткаруу кызматы отставкадагы полковник Эрнст Исаевдин №50-абактан качуу боюнча айыптоолорун четке какты

 

Бүгүн, 26-январда ЖАМКтын басма сөз кызматы ардагер Эрнст Исаевдин №50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу айткандары боюнча расмий билдирүү таратты.

Айта кетсек, ЖАМКтын отставкадагы ардагери Эрнст Исаев маалымат жыйын өткөрүп, анда №50-абактан кылмышкерлердин качары тууралуу ЖАМК жетекчилигинин алдын ала маалыматы болуп, бирок чара көрүлбөгөнүн, качкандан кийин кармалган кылмышкерлер атайылап өлтүрүлгөнүн айткан эле.

"Эрнст Исаевдин билдирүүсү чындыкка жатпайт. Алик Мамыркулов менен жолугушуп, ага 2015-жылдын октябрь айындагы №50-абактан качуу УКМКнын атайын даярдаган операциясы экенин айтканын полковниктин фантазиясы десе болот. Бул билдирүүлөрүн аныктоочу фактыларды Исаев көрсөтө алган жок. Исаев "ЖАМКтын борбордук аппаратына кармалган кылмышкерлерди Нива үлгүсүндөгү унаа менен алып келгенин өз көзүм менен көргөм" деген. Кийин алардын кайра чыгарылганын көрбөй калгандыктан, 3 качкын кылмышкерди Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери өлтүргөнүн айткан.

Абактан качкан түнү кармалган кылмышкерлер Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнө жеткирилген, тергөө амалдары мамлекеттик жактоочулардын катышуусунда жүргүзүлгөн. Сурак бүткөндөн кийин алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, андан соң №1-СИЗОго которулган. Исаевдин "№50-СИЗОнун мурунку башчысы полковник Иманкул Телтаев №1-СИЗОго которулуп, ошол жакта өлтүрүлгөн" деп айтканы да чындыкка коошпойт. Телтаев отурган камерага кетчү коридордо видеокамера бар. Ал жердеги жазуулар Телтаевдин жанына эч ким барбагандыгын далилдейт. УКМК абактан качуу тууралуу кат жиберген эмес. Бирок ЖАМКтын бир катар мекемелерине чабуул болорун УКМК эскерткенде, сырткы күзөт күчөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы №50-СИЗО мыйзам чегинде колдонууга берилип, ал жакта кармалган кылмышкерлер мыйзамга ылайык жаза өтөп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.01.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнст туура эмес жазылган го ?
Же аты ушундай бекен ?
27.01.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle_2, саламатсызбы!
Аты-жөнү туура жазылган.
27.01.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында кылмышдын баары ошол орган адамдарын жана жаза аткару кызматкерлерде дагы болушу мумкун
27.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"УКМК чабуул болорун эскерткенде сырткы кузот кучотулгон" дейт. Кучотулгону ушу болсо анда ЖАМК аман эле болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: