super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Нарын менен Таластагы чакан бизнести колдоого 15 миллион сом насыя берди

 

Нарын жана Талас облустары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 15 миллион 750 миң сом насыя алышты. Насыя чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында жылдык 12 пайыз үстөгү менен берилгенин 26-январда фонддон кабарлашты.

Каражатка облустардын эки шаарына эконом класстагы турак жайларды куруу пландалууда. Фонддун жетекчилиги 29-январга чейин Нарын жана Талас облустарында болуп, турак жайга бөлүнгөн жерди көрүшөт жана жергиликтүү ишкерлер менен баарлашмакчы. Аталган программанын алкагында мал чарбачылыгы, курулуш материалдарын жана кийим тигип чыгарган компаниялар насыяларды алышканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, аталган фонд 2015-жылы түзүлгөн, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жетти. Калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: