14 жылга эркинен ажыратылгандан кийин оозун тигип алган жаран буга чейин кыз ала качканы үчүн түрмөдө отуруп чыккан

14 жылга эркинен ажыратылгандан кийин оозун тигип алган жаран буга чейин кыз ала качканы үчүн түрмөдө отуруп чыккан. Бул тууралуу 27-январда жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирди.
Айта кетсек, Таалайбек Сыдыков соттун чечимине макул болбой 2016-жылдын 8-январында өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, нааразылык катары ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган эле.
Анын жактоочуларынын бири Эркин Саданбеков: "Т.Сыдыков абактан бошотулгандан кийин Венера аттуу кыз менен таанышып калган. Экөө чогуу жашап, нике кыйдырышкан. Алар кадимки үй-бүлө катары ижарага батир алып жашашканын кошуналары да билишет. Кайсы бир учурда аялы милицияга арыз жазып, күйөөсү сабаганын билдирген. Кийинки жазган арызында зордуктаганын, 5 миң сом акчасын алып кеткенин айткан. Биз 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм акыйкатсыз деп ойлойбуз",- деди.




1 |