Оозун тигип, ачкачылык жарыялаган жарандын апасы: "Уулумду 8 жылдан бери көрө элекмин, аялы зордуктады деп арыз жазып, Орусияга кетип калыптыр"

Соттун чечимине макул болбой ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган Таалайбек Сыдыковдун энеси Минакүл Сыдыкова бүгүн, 27-январдагы маалымат жыйынында уулун 8 жылдан бери көрө электигин айтып көзүнө жаш алды.
"Жалгыз баламды той жасайм деп күтүп жаткам. Ал Венера аттуу кыз менен таанышып, ага үйлөнгөнүн, аялынын кызы менен эки күндө үйгө келишерин телефон чалып айтты. Кийин бир бала мага телефон чалып уулум түрмөгө жалган жалаа менен отуруп калганын кабарлады. Анан эле 14 жылга кесилип кетти. Уулумду 8 жылдан бери көрө элекмин. Венераны да көрө элек болчумун. Ал лабораториялардын биринде иштечү экен. Сүйлөшүү үчүн иштеген жеринде 3 күн күттүм. Орусияга качып кетти",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Нике кыйганда да куболор болуш керек. Экоо
барса еле никени кыйбаш керек болчу.Шариат боюнча мындай бобойт.