super.kg logo

Өз билемдик менен трансформаторлорду иштеткен Ак-Ордонун тургундары электриктерди жана милиционерлерди курчоого алышканы маалым болду

 

26-январда Бишкектеги Ак-Ордо конушунун тургундары "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлерин жана Сокулук РИИБинин милиция кызматкерлерин курчоого алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган ишкананын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ак-Ордонун жашоочулары өз билемдик менен 2 трансформатордук станцияны күйгүзүшкөн. "Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок, анткени адам трансформатордук станцияга жакындаганда аны ток урушу мүмкүн. Электриктер жана милиция кызматкерлери транформаторлорду өчүрүү максатында барышканда, тургундар аларга тоскоолдук жаратышып, курчоого алышкан. Энергетиктер "трансформаторлорду Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын уруксаты жок күйгүзгөнгө мүмкүн эмес" дешсе да, жашоочулар баш ийишкен жок. Ал эми аталган инспекция уруксатты бербегендигинин себебин "конуштагы үйлөр айыл чарба жерлерине салынган" деп түшүндүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.

"Бүгүн, 27-январда түнкү саат 03:00дө "Түндүк электр" ишканасынын электриктеринин бригадасы жергиликтүү тургундар өз билемдик менен күйгүзгөн трансформаторлорду өчүрүштү",- деп баса белгиледи ишкана.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.01.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кышында очурбой эле койбопсунар.
27.01.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик тарабынан бекем темирдей тартип орнотулбаса жакында мал сыяктуу баш оогон жакка басып, ар ким оз билгенин жасап кала турган болду го. Ушул адам кылчу жорукпу. Аз болсо да мыйзамды,коомчулукту сыйлайлы, ойлонуп иш кылалы наглый болбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: