super.kg logo

Нарын шаарында митинг болуп жатат

 

Нарын шаарында 200дөн ашык тургундун катышуусунда митинг өтүп жатат. Чогулгандар тоолуу аймакта жашаган калктын жеңилдиктерин жокко чыгаруу боюнча маселе, электр энергиясынын кымбатташы, малдын арзандыгы, ГЭСтин курулушу токтоп калганына нааразылыгын билдирип митингге чыгышты. Бул тууралуу шаар тургундары кабарлашты. Алар өкмөт башчынын Нарын эли менен жолугушууга келбей койгонуна нааразы болушууда.

Кошумчалай кетсек, 27-январда Нарында митинг уюштуруу чечими өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгеси көтөрүлгөн соң чыгарылган. 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан.

26-январда болсо Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Таалайкүл Исакунова жана облус башчы Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын эли менен жолугушуу өткөрүшкөн. Облус башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, митинг уюштуруу идеясын көтөрүп чыккан Жыргалбек Жусубакунов депутаттарга, бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, оюнан кайтканын жар салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
27.01.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Акмактар
27.01.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо бийлик уйлорго жана бак дарактарга налог салышат деген соз чыгып жатат ошол жонундо так маалымат берсениздер.
27.01.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan81, саламатсызбы!
Тактап маалымат бергенге аракет кылабыз.
27.01.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan81,налог эмес уйлорго,автомашиналарга камсыздандыруу киргизебиз дешип атат. Ошондо бир уйго 600 сомдун тегерегинде толоп калат экенбиз жылына. Албетте бул да карапайым элдин чонтогуно кол салуу болуп эсептелинет.
27.01.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бийлик озу элдин кыжырына тийип жатат.
27.01.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элде учурда аябай нааразычылыктар кобойуп жатат. Сабырдын чегине жаткенде элде катуу силкинуу болоору белгилуу эле да.
27.01.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул темп менен кете берсе, бут Кыргызстан чыгат жакында .
Nasi1981 түзөттү 2016-01-27 14:35:37
27.01.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АША бир жыл эптеп чыдаса болмок ато булда озгон гуручунон аш жейткоо акаев мн бакиев кутуп калды окшойт АША келсе калган гуручту аш кылавыз деп
27.01.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Expeprt007, сага ким акмак? Эл эмес, жанагы ак уйдо отургандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: