2015-жылы кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жалпысынан 269 медаль тагынышты

2015-жылы кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде 269 медаль тагынышты. Анын 70и алтын, 78и күмүш жана 121и коло. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырмалуу 134 медалга азайган. Мунун себебин тиешелүү кызматкерлер азыраак акча каражаты бөлүнгөнү, доллардын кымбатташы менен түшүндүрүштү. Ошондой эле 2015-жылы 7-Республикалык Спартакиаданы уюштурууга көбүрөөк көңүл бурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.