super.kg logo

Екатеринбургда жоголгон 13 жашар Айганыш дале табыла элек

 

4-январда Орусиянын Екатеринбург шаарында жоголгон Канат кызы Айганыш дале табыла элек. Издөө иштери улантылып жатканын 27-январда орусиялык басылмалар таратышты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү эжеси аны сүт алып келүү үчүн дүкөнгө жөнөткөн. Ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туугандары билдиришкендей, дүкөндөн Айганышты күзөтчү уурдалган кефир менен кармап алган. Буга чейин уурулукка колу барбагандыгын белгилеген кыздын Мохамедали аттуу жездеси күзөтчү Айганыш алган азык-түлүк жана акчасын тартып алып, сыртка чыгарып салганын айткан.

Эске салсак, жоголгон кызды издөөдө бардык тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн "жашы жете электи өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Айганышты 23 жаштагы эжеси кыргыз жеринен Орусияга өткөн жылдын май айында алып кеткен. Атасы абакта болгондуктан, Айганыш апасына жардамдашуу үчүн Орусиядан айына 4 миң рублдан акча салып турган. Кызды издөөгө полициянын бардык бөлүмдөрү тартылды.

Канат кызы Айганыштын бою 145 сантиметр, кой көз, кашы калың, чачы кара. Ошол күнү күлгүн түстөгү күрмө, кочкул кызыл моюн орогуч, токулган баш кийим, кочкул кызыл лосина, күрөң кышкы өтүк кийип жүргөн. Көргөн-билгендер полиция кызматкерлерине (343) 370-41-66 же 356-42-11 телефон номурлары аркылуу билдиришсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.01.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аман-эсен табылып калсан экен,кудай колдоп.
27.01.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман-эсен табылып калса экен.
27.01.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кай жактарда журду болду экен ((жаш кыз болсо кантип кочодо адам корбой калсын туну мн кочо чырактары жанып турса ((табылып калсын эми аман-эсен.
27.01.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курган кыз ушунча кундон бери табылбай атканын. Кайда, кантип, сууктун кунундо кун кечирип журот экен.Аман эле табылып калсынчы..
27.01.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо жездеси менен охранникти жакшылап сурашса эле бирдеме чыгат го,ошолор эле бирдемени жашырып аткандай. Кыз кочодо жургон болсо эмдигиче табылмак эле да.
27.01.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым жаш кызга тынч жашоо берсин
28.01.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кызды ойлосом эт журогум эзилим уйкум качат.Бечара кайсы акыбалда боллу экен.Табылып калышын кудайдан тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: