super.kg logo

Ош шаары калкты жылуулук менен камсыз кылуу багытында өлкөгө үлгү болду

 

Ошто 26-январь күнү жылуулук менен камсыздоо боюнча республикалык семинар болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын Экономика министринин орун басары Нурлан Садыков, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, өлкөнүн бардык облус, шаарларынын жетекчилери жана тиешелүү өкүлдөрү катышышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Семинар-кеңешменин жүрүшүндө пленардык жыйын өтүп, анда калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев тажрыйба алмашуу үчүн атайын алыстан келген меймандарга Ош шаарынын жылуулук берүү системи, социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.

Күндүн экинчи жарымында келген коноктор шаардагы бир нече модулдук отканалар менен таанышышып, Ошто керектөөчүлөргө берилип жаткан жылуулук энергиясын берүүнүн сапатын жана жаңы заманбап отканаларды куруу боюнча маалымат алышты. Жалпысынан Ош шаарына жаңы 47 от казан орнотулган. Бул көрсөткүч катышуучулардын кызыгуусун жаратып, жылуулук берүүнүн бул системи өлкөнүн башка аймактарына үлгү боло тургандыгын билдиришти.

Андан соң катышуучулар Ош шаарын кыдырып, калаадагы сейил бактарды, Навои көчөсүндөгү көпүрөнү көрүшүп, "Сулайман-Тоо" этнографиялык комплексинде болушту. Жыйынтыгында өлкөнүн жети дубанынан келген коноктор Ош шаары калкты жылуулук менен камсыз кылуу багытында гана эмес, бардык тармактар боюнча башка калаалардан бир топ алдыда экенине ынанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
27.01.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мустафа Кемалдан башка ысым табылбадыбекен э?
27.01.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ош шаарын ар дайым алдыга жылдыра берин урматуу мэр
27.01.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош шаары онугуп оссо бер. Дагы жаны ачылыштар болоберсин мэрибиз жакшы иштеп берсин!
27.01.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы нерсе болуптур Ош шаарыбыз онугуп осо берсин дагыда
27.01.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сейил бакты турк туугандар каржылаганго,койгон атына караганда
28.01.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ова
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: