Акыйкатчы УКМКнын тергөө абактарын текшерет
Эки жылдан бери УКМКнын тергөө абактарында текшерүүлөр болгон эмес. Ал жерде кармалган жарандардын укугун коргоо максатында текшерүү иштери жанданмай болду. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен жолугушуу учурунда билдиргенин 27-январда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу учурунда Абдил Сегизбаев институттун аракеттерине эч кандай тоскоолдуктар болбой турганын айтып, акыйкатчынын сунуштарын колдоду. Мындан сырткары тергөө абактарынын абалы канааттандырарлык экендигин айтты.
Соңунда эки тарап тең адам укугун коргоо жаатында кызматташууну макулдашышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
MIRlan

27.01.2016. 17:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түштөн кийин текшериштин эмне кереги бар? Мынтип СМИге жарыялап анан текшериштин эмне кереги бар? Акыйкатчы баргыча УКМКнын тергөө абактарын тазалап коётко. Бул Акыйкатчы өзү жыл башында жок дегенде 6- айга өзүнчө иш мерчем жазып алыш керек. Ошол айлардын биринде орусча айтмакчы внезапная проверка кылып текшериш керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.