super.kg logo

Жалал-Абадда инвестордон 8 миллион сом алып, көпүрөнү курбай калтырып койгон ишкананын жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши сотко өттү

 

Жалал-Абад облусунда көпүрө курууда миллиондогон акча каражаттарынын негизсиз пайдаланылганы боюнча козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу 27-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “ЕМКО” жабык акционердик коомунун негиздөөчүсү Д.Беков жана ишкананын аткаруучу директору К.Мадраимов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен көпүрө курууга уруксат берилген лицензиясы жок туруп, Чаткал айыл аймагындагы Жаңы-Базар айылы менен Чаңдалаш участкасын байланыштыруучу көпүрөнү куруп беребиз деп инвестордон 8 222 500 сомду ишкананын эсебине которушкан.

Көпүрө курууга лицензиясы жоктугуна байланыштуу ар кандай шылтоолор менен курулушту себепсиз создуктурушкан. 4 547 794 сомго сапатсыз жана арзан баадагы курулуш стандарттарына туура келбеген курулуш материалдарын алып, калган акчаны өз эсебине өткөрүп алышкан. Көпүрөнүн көп убакытка чейин курулбай жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү эл нааразычылык акцияларын да өткөрүшкөнү менен, көпүрө ошол бойдон курулбай калган. Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: