super.kg logo

Ысык-Көл облусунда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча тренингдер өттү

 

Буга чейин белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалымат борбору иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча окутуу иштерин 2015-жылдын январь айынан тарта жүргүзүп келет. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Аталган окутуу иштеринин алкагында мекемелерде, аймактарда 3 күндүк семинар-тренингдер өткөрүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттырып келишет.

Бул сапар 2016-жылдын алгачкы семинар-тренинги Окуу-маалымат борборунун демилгеси менен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында уюштурулду. Каракол шаарындагы борбордо окуган 94 катышуучуга тастыктамалар тапшырылды. Ал эми Чолпон-Ата шаарынын катышуучулары ыраазычылыгын билдирип, дагы кошумча тереңдетип окууга куштар экендиктерин айтышты.

“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн негиздери” аттуу 24 сааттык методикалык семинар-тренинг бул жылы дагы республиканын бардык аймактарында улантылмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.01.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурун кандай болсо ошондой эле калганы жакшыго дейм,Азыр Россияда башкаларга караганда Кыргызстандыктар орусчаны тез оздоштуруп кетишет,Орус мектептердин кобойгону жакшы, озбек мектептерди жаап эле салыш керек,Кыргыз орус мектептерди кобойтсо жакшы болот, Болгону кыргыз кыргызга кыргызча суйлоп оруска кана орусча суйлосок жакшы болгудай
Svoboda83 түзөттү 2016-01-27 19:53:05
27.01.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде иш кагаздар жонундо соз болуп жатат, кыргызча иш кагаздар жургузулбосо унутулуп жатпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: