Өкмөт. Эмилбек Каптагаевди кызматтан алуу боюнча буйрук чыга элек
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди кызматтан алуу боюнча буйрук чыга электигин өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова SUPER.KG'ге билдирди. Ахмедова: "Каптагаевдин кызматтан кетип жатканы боюнча өкмөттө маалымат жок, буйрук да жок",- деп жооп берди.
Каптагаев кызматтан кетип жатканын SUPER.KG'ге тастыктап, бирок ордуна ким келе турганын айткан жок. "29-январда облустук коллегиянын жыйыны өтөт. Ал жыйында менин ордума кимдин келе турганы белгилүү болот. Азырынча менде маалымат жок",- деди Каптагаев.
Маалыматтарга караганда, бул кызматка Аскат Акибаев келе турганы айтылды. Акибаев - Ысык-Көлдөгү белгилүү санаторийлердин биринин директору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















