super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарында былтыр 22 миң пенсионер 1,1 миллиард сом пенсия алышканы айтылды

 

Ош шаарында 2016-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 22 миңди түздү. Бул тууралуу 27-январда Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынында биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров билдирди. 2015-жылы пенсия төлөөгө 1 миллиард 196 миллион сом бөлүнсө, мунун 721 миллион 500 миң сому почта аркылуу, 474 миллион 600 миң сому банктар аркылуу берилгени айтылды.

Былтыр Ош шаарындагы жөлөк пул алуучулар 3654 адамга жетип, 93 миллион сом бөлүнгөн.

"Аз камсыз болгон 284 үй-бүлөнүн 765 баласына мамлекеттик жөлөк пул дайындалып, жыл башынан бери 5,2 миллион сом бөлүнгөн. Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондунун эсебинен 106 адамга 243 миң сом жардам берилген, ал эми бюджеттик каражаттардын калдыгынын эсебинен 550 адам, жалпы 4,8 миллион сом материалдык жардам алышты”,- деди Аскаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: