Эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги 30-31-январда өткөрүлөт

30-31-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өткөрүлөт. Мелдеште 7 салмак категориясында (57 килограмм, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг) өлкө чемпиондору аныкталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш күрөш спортун жайылтуу, аймактардан келген спортчулардын өз ара мамиле куруп, дос болуусун шарттоо жана алардын чеберчиликтерин мыктылоо максатында уюштурулууда.
30-январда ачылыш аземине катар 4 салмакта (57 кг, 65 кг, 74 кг, 97 кг) финалдык беттештер орун алат. Калган салмактар боюнча финалдык беттештер 31-январга туураланган.
Аталган агенттик мелдешти уюштурууга 110 миң сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.