super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештерге кыргыз жеринде даярданат

 

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков курам Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештерге даярдыкты кыргыз жеринде көрөрүн айтты. Анын айтымында, жолдомо ойнотулуучу мелдештерге чейин курамды Азия чемпиондугуна катыштыруу пландалууда.

"Бизде Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу мелдештерге 4 спортчу кызыбыз катышат. 53 килограмм салмакта 3 жаш спортчубуз бар, ошондой эле 58 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова күчүн сынайт. Негизги кыз-келиндер курамасына 1 жолдомо алуу тапшырмасы берилген. Айсулууга ишеним артып жатабыз",- дейт Н.Изабеков.

Маалым болгондой, жолдомо ойнотулуучу мелдештерге чейин эл аралык машыгуу сборлору планга кирген эмес. Балбан кыздар даярдыктан толук бойдон кыргыз жеринде өтүшөт. Олимпиадага жолдомо алынган соң гана эл аралык машыгуу сборлору ойлонуштурулат.

Кошумчалай кетсек, балбандарыбыз Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн 2016-жылы март, апрель жана май айларында орун алчу 3 ири мелдешке катышат. Алардын бири Азия чөлкөмү боюнча тандоо мелдеши (18-20-март аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтөт). Калган экөө дүйнөлүк тандоо мелдештери (22-24-апрелде Монголияда жана 6-8-майда Түркияда өтөт).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaiym iygilik olimpic oiununa baryp medal algyla iygilik
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: