Унааны 22 миң долларга сатып алып, акчасын бербей жүргөн Сузактагы жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды
Алдамчылык боюнча издөөгө алынган Сузак районунун жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты колго түштү. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июнь айында С.К. аттуу жаран бирөөнүн Субару Аутбэк үлгүсүндөгү унаасын 22 000 доллага алып, акчасын бербей белгисиз тарапка кетип калган. Өткөн жылы апрель айында кылмыш иши козголуп, С.К. издөөгө алынган. 26-январда милиция кызматкерлерине изделип жаткан жаран Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1973-жылы туулган С.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

уккусу келип жаткандыр.