Сокулук районунда уурулукка шектелген адам колго түшүрүлдү

Сокулук районунда уурулук фактысына шектелген адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 28-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 24 жаштагы Д.И. кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн чечип кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 39 жаштагы В.А. аттуу Токмок шаарынын тургуну кармалган. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.