super.kg logo
  Саясат  

Авариялык абалдагы үйлөрдү камсыздандыруу мүмкүн эмес

 

Авариялык абалдагы үйлөрдү камсыздандыруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти. Эгерде камсыздандырылган үй толугу менен кулап түшсө, айыл жергесиндегилерге 500 000 сом, шаар жергесиндегилерге 1 000 000 сом берилет. Акча бардык документтерди алып келгенден кийинки 30 күндүн ичинде төлөнөт. Эгер төлөнүп берилчү сумма үйдү кайра курууга жетпесе, анда үйдү ыктыярдуу түрдө кошумча камсыздандырса болот.

Мекеме милдеттүү камсыздандырылууга жатпай турган турак жайларды атады, алар:

1. Авариялык абалдагы үй;

2. Ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып бузула турган же багытын өзгөртүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып турак жай эмес курулушка багыты өзгөртүлүүчү турак жай;

3. Милдеттенмелер боюнча өндүрүп алуу чегерилген үйлөр;

4. Жер тилкесинин алып коюлушуна байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөр;

5. Техникалык талаптарды бузуу менен курулган үйлөр;

6. Конфискацияланууга жаткан үйлөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: