Баткен. Облуста 200 гектар аянтты ээлеген жаңы өрүк багы пайда болду
Баткен районундагы Дара айылында 200 гектар аянтка 150500 түп өрүк көчөтү отургузулду. Белгилүү болгондой,
16-март күнү облус боюнча ишембилик өткөрүлүп, аталган айылдагы жаңы өрүк багын түптөөгө облус башчысы Жеңиш Разаков да катышты. Мындан сырткары Баткен районунун аймагына 1900 даана арча, 7550 түп терек отургузулуп, 35 чакырым суу арыктары тазаланды. “Мындай иш-чаралар Баткен районунун аймагында гана эмес башка айыл өкмөттөрдө жана райондук мекеме-ишканаларда айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишембиликтер өткөрүлүүдө”,- дейт облус башчысынын маалымат катчысы Мамажан Бердишев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

