Бишкекте МАИчини унаасында сүйрөп кеткен айдоочу изделүүдө





Бишкекте бүгүн айдоочу Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп барып, таштап качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.
"Окуя бүгүн саат 15:50 чамасында Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Жол-кайгуул кызматкери БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун документтерин текшерүү максатында токтотууга белги берген. Бирок айдоочу аны сүзүп, кызматкерди капотунда сүйрөп барып, таштап кеткен. Учурда МАИчи ооруканада, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айдоочу изделип жатат",- деди А.Бекмурзаева.
Айта кетсек, интернетке айдоочу унаанын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.
МАИчини тоготпогон айдоочунун кылыгы




Эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!