Бишкекте МАИчини унаасында сүйрөп кеткен айдоочунун унаасы табылды, өзү изделүүдө



Бишкекте МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун унаасы табылды. Учурда унаанын ээсин издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.
"Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Анын унаасы кечээ табылып, айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Азыркы тапта аны издөө иштери улантылууда",- деди А.Бекмурзаева.
Айта кетсек, кечээ интернетке айдоочу унаанын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.
МАИчини капотунда сүйрөп кетти
МАИчини тоготпогон айдоочунун кылыгы


Эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз.
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!