super.kg logo
  Саясат  

Сейрек кездешүүчү жаныбарларды аткандар 5 жылга камалышы мүмкүн

 

Кыргыз мамлекетинде акыркы 15 жылда жапайы жаныбарлардын саны 2 эсеге азайды. Муну 28-январда депутат Эмил Токтошев “Парламент” радиосунан билдирип, аңчылыкка узак мөөнөткө тыюу салынышы мүмкүн экенин айтты.

“Кыргыз Республикасынын баалуу кен байлыктары гана улуттук кенчибиз болбостон, андагы жапайы жаныбарларыбыз дагы коргоого алынуучу негизги байлыктарыбыздын бири”,- дейт Токтошев.

Депутат аңчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуучу мыйзам жергиликтүү мергенчилер менен чет элдик мергенчилер үчүн бирдей иштей турганын маалымдады. “Аңчылык иштерине тыюу салууда бир гана айып пул төлөө менен иш бүтпөй турган учурлар бар. Мисалы, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ээнбаштык менен Кызыл китепке кирген саналуу жаныбарларды атып жок кылгандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу негиздери да каралууда”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: