Жайыл районунда күйүүчү май ташыган унаанын чиркегичи оодарылып, 8 тонна күйүүчү май төгүлүп кетти
Жайыл районунда күйүүчү май ташыган унаанын чиркегичи оодарылып, 8 тонна күйүүчү май төгүлүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 85-чакырымында Хово үлгүсүндөгү май жүктөп бараткан күйүүчү май ташыган унаанын 10 тонналык чиркегичи оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 8 тонна май төгүлүп калган. Учурда окуя болгон жерде өрттүн чыгып кетүүсүн алдын алуу максатында өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.