super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына "инклюзивдүү билим берүү" түшүнүгү киргизилгени жатат

 

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар татыктуу билим алып, ийгиликтерге жетишкендиги боюнча мисалдар арбын. Конституция, Балдар кодекси, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө" мыйзам – булардын баары жаңы маданиятты түзүү ишинин бөлүгү. Көнгөн адаттарды өзгөртүү өтө кыйын, андыктан жаңы маданият узак мөөнөттө түптөлүүдө”,- деди депутат Наталья Никитенко 28-январда Бишкекте өткөн тегерек столдо.

Депутат мындай балдарга жагымдуу шарт түзүү жалпы максатка айланышы керектигин белгиледи. Алардын нормалдуу жашоосу жана өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү, билим берүү менен камсыздоо, адамдардын мамилелерин өзгөртүү зарылдыгын айтты.

"Мамлекет Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялашы керек. Күтүлүүчү кыйынчылыктардан коркпой, бул багытта алдыга кадам таштоо туура”,- деген депутат учурда инклюзивдүү билим берүү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды дени сак балдар менен чогуу окутуу) түшүнүгүн киргизүү боюнча тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизилгени жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: