Борбор калаада алдамчылык фактыларына шектелгендер кармалышты
Борбор калаада алдамчылык фактыларына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы З.Рахим кайрылган. Анда ал Ильяз аттуу жигит анын ишенимине кирип 500 долларлык ноутбугун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы А.Ильяз кармалган.
Ушундай эле арыз менен 32 жаштагы К.Ж. кайрылган. Анда ал Меймин аттуу аял "Түркияга виза жасап берем" деген шылтоо менен 1050 доллар алып, убадасын аткарбай койгонун айткан. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 37 жаштагы У.Меймин кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.