Бишкек - Ош трассасындагы Көк-Арт көпүрөсүн оңдоого каражат алуу боюнча мыйзамга кол коюлду
Президент Алмазбек Атамбаев "2013-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек - Ош унаа жолундагы Көк-Арт көпүрөсүн реконструкциялоо" долбоору боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Документ 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Максаты - өлкө аймактарынын арасында үзгүлтүксүз транспорттук карым-катнаштарды камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

